«Чыңгыз Айтматов кылым адамы» 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик.

Презентация:



Advertisements
Похожие презентации
«Чыңгыз Айтматов кылым адамы» 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик.
Advertisements

Транксрипт:

«Чыңгыз Айтматов кылым адамы»

1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй- бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 3

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Жергиликтүү театрда актриса болуп эмгектенген. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан экендиги белгилүү. 4

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Чынгыз 14 жашта эле. Шекер эли аны кат- сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арабча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 5

1958-ж. – «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы менен сыйланган ж. – «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган ж. – «Повести гор и степей» деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон ж. – «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган ж. (август айында) – Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген ж. (ноябрь айында) – «Жаныбарым, Гүлсары» повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон ж. – Ленин ордени менен сыйланган ж. – Н.К.Крупская атындагы медаль менен сыйланган ж. – «Манас атанын ак кар, көк музу» очерки үчүн «Огонек» журналынын сыйлыгы ыйгарылган ж. – «Эрте келген турналар» аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган ж. – «Ак кеме» повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган ж. – Ленин ордени жана «Орок жана Балка» алтын медалы менен сыйланган; «Социалисттик эмгектин Баатыры» деген наам ыйгарылган ж. – «Эрте келген турналар» жана «Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт» аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан ж. – Италияда «Эрте келген турналар» жана «Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт» чыгармалары үчүн эл аралык «Этрурия» сыйлыгы тапшырылган ж. – «Кылым карытар бир күн» романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган ж. – «Элдердин достугу» ордени менен сыйланган ж. (май айында) – Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган «Жылмаюу» ордени ыйгарылган. Сыйлыктары. Наамдары. 6

ЭЛДИН УЛУУЛУГУ АНЫН ТИЛИ МЕНЕН МАДАНИЯТЫНДА Сүрөткер менен эл-өзөктөш, эки өркөч төөдөй эгиз нерсе. Талантты эл жаратат, анын чебер өкүлдөрү түзгөн бардык мыкты иштердин баалоочусу да, сактоочусу да ошол эл. Булардын байланышы тутумдаш. Сүрөткер-элдин рухий жөлөгү болсо, эл -сүрөткердин рухий жөлөгү болот. Чынгыз Айтматов 7

Көп өлкө окуп томдорун, Көтөрүп Чыңгыз-даңкыбыз. Табигат берген талантын Таасири күчтүү жараттың. Тамшанат өлкөм окушса, Талбадың алга бараттың. Түгөнгүс байлык сөз жазып, Түркүмүн элге тараттың. Абдыкадыр уулу Орозали 8

«Канткенде адам уулу Адам болот?..» 9

Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. 10

Биздин Чыгыз калеминен тамат бал, Дүйнө элинин бүт тилине жагат ал. Ар бир жазган чыгармасы туу болуп, Адамзатка чырак болуп жанат ал. Сейит кызы Адилет Кантип тоону жамгыр менен шамалдан, Калкалашка болоор экен, адамдар? Тоомунда кылымдардын тогошкон Толгон жүктү аркалаган адам бар. Үрүниса Маматова 11 Чыңгыз –поэзия чеберлеринин ырларында

Кыргыз десем, Чыңгыз келет эсиме Чыңгыз десем, кыргыз келет эсиме... Байдылда Сарногоев Дилимди сыйкыр нурлар жарык кылат, Көңүлүмөн ыйык күүлөр агып чыгат. Саманчы жолундагы жылдыздардай, Саптарым жылт-жылт этип жанып турат. Салия Айдарова 12

Уркаш Мамбеталиев 13 Канетимин кандаш тууган түпкү элге, Калың түрктөр Чыкебизди күткөндө, Ооба, мурда болуп түшкө кирбестей, Окшоду бейм төрүнө кут түшкөнгө. САЯКБАЙ МЕНЕН ЧЫНГЫЗ

14

КААРМАНДАР СҮЙЛӨЙТ 15

«КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИНИН» ТАРЫХЫНАН 1941-жылы 17-ноябрда кыргыз киностудиясы ачылган. Кыргыз киносу 60-жылдардан баштап дүйнөлүк аренага чыгып, «Кыргыз керемети» деген ат менен таанымал болгон. 16

1961-ЖЫЛ «АШУУ» КИНОФИЛЬМИ РЕЖИССЕРУ А. САХАРОВ 17

1963-ЖЫЛ «АПТАП» КИНОТАСМАСЫ РЕЖИССЕРУ Л. ШЕПИТЬКО 18

1965-ЖЫЛ «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» КИНОТАСМАСЫ РЕЖИССЕРУ МИХАЛКОВ-КОНЧАЛОВСКИЙ 19

1967-ЖЫЛ «САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ» КИНОТАСМАСЫ РЕЖИССЕРУ ГЕННАДИЙ БАЗАРОВ БАКЕН КЫДЫКЕЕВА 20

1968-ЖЫЛ «ЖОРГОНУН ЖҮРҮШҮ» ФИЛЬМИ РЕЖИССЕРУ С. УРУСЕВСКИЙ 21

«ГҮЛСАРАТ» КИНОТАСМАСЫНАН 22

1975-ЖЫЛ «КЫЗЫЛ АЛМА» КИНОФИЛЬМИ РЕЖИССЕРУ ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ 23

1977-ЖЫЛ «АК КЕМЕ» КИНОФИЛЬМИ РЕЖИССЕРУ БОЛОТ ШАМШИЕВ 24

1977-ЖЫЛ «АК КЕМЕ» КИНОФИЛЬМИ СССРДИН МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫКТУУ БОЛГОН 25

1985-ЖЫЛ «МАХАБАТ ДАСТАНЫ», 1988-ЖЫЛ «АКБАРАНЫН КӨЗ ЖАШЫ» КИНОТАСМАЛАРЫ РЕЖИССЕРУ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ 26

1989-ЖЫЛ «ФУДЗИЯМАДАГЫ КАДЫР ТҮН» КӨРКӨМ ФИЛЬМИ КАЛТАЙ МУХАМЕДЖАНОВ 27

1991-ЖЫЛ «МАҢКУРТ» КИНОТАСМАСЫ РЕЖИССЕРУ Х. НАРЛИЕВ 28

2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду. Колодон жасалган, бийиктиги 3 метр болгон айкел Орусияда жасалган. 29

Чыгармаларынын басылышы А Ң ГЕМЕЛЕРИ: «Газетчик Дзюйо» – «Кыргызстан» альманахы 1952-жыл, 2 саны; «Ашым» – «Кыргызстан» альманахы, 1952-ж. 2 саны; «Ак жаан» – «Советтик Кыргызстан» газетасы, 1955-ж. 3 саны; «Асма к ө п ү р ө » – «Советтик Кыргызстан» газетасы, 1955-ж. 12 саны; «Т ү нк ү сугат» – «Советтик Кыргызстан» газетасы, 1955-ж. 3 саны; «Ботог ө з булак» – «Советская Киргизия» газетасы, 1960-ж. 30-ноябрь, 8-декабрь; «Кызыл алма» – «Известия» газетасы, 1964-ж. 1-январь; «Атадан калган туяк» – «Советтик Кыргызстан» газетасы, 1968-ж.; «Кайракта» – «Советтик Кыргызстан» газетасы, 1954-ж. 30

ПОВЕСТТЕРИ : «Бетме-бет» – «Октябрь» журналы, 1957-ж. «Ала-Тоо» журналы кыргызчасы «Жамийла» – «Новый мир» журналы саны. «Биринчи мугалим» – («Элдик мугалим жөнүндө баллада») «Ала-Тоо» журналы, 1961-ж. «Саманчынын жолу» – «Ала-Тоо» журналы, 1953-ж. 1 «Кызыл жоолук жалжалым» – «Повести гор и степей» жыйнагы, 1963-ж. «Жаныбарым Гүлсары» – «Новый мир» журналы, 1966-ж. 3 «Ак кеме» – «Новый мир» журналы, 1970-ж. 1, «Ала-Тоо» журналы, 1975-ж. 12 «Эрте жаздагы турналар» – «Новый мир» журналы,1975-ж.9 «Чыңгызхандын ак булуту» – «Знамя» журналы, 1990-ж Чыгармаларынын басылышы

РОМАНДАРЫ: «Кылым карытар бир к ү н» – «Новый мир» журналы, 1980-ж. 11 «Кыямат» – «Новый мир» журналы, 1986-ж. 6,8,9 «Кассандранын эн тамгасы» – «Знамя» журналы, 1994-ж. 2 «Тоолор кулаганда» – «Дружба народов» журналы, 2006-ж. ДРАМАЛАРЫ: «Фудзиямадагы кадыр т ү н» – «Чыгармачылык сахна» жыйнагы, 1977-ж. 2 ПУБЛИЦИСТИКАЛАРЫ: «Манас атанын ак кар -к ө к музу» – «Огонек» журналы, 1975-ж. 19 «Эне тил тагдыры» – «Кыргызстан маданияты» журналы, 1987-ж. 32 Чыгармаларынын басылышы

Алган сыйлык, наамдары жыл – Лениндик сыйлык «Повести гор и степей» жыйнагы үчүн 1968-жыл – СССР Мамлекеттик сыйлыгы «Жаныбарым, Гүлсары» повести үчүн; 1983-жыл – «Кылым карытар бир күн» романы үчүн; 1968-жыл – «Кыргыз Эл жазуучусу» наамы; 1976-жыл – Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы «Эрте жаздагы турналар» повести үчүн; 1980-жыл – Италиянын эл аралык «Этрурия» сыйлыгы; 1985-жыл – Индиянын Джавархарлар Неру атындагы сыйлык, Дүйнөлүк адабияттын классиктеринин бири катары 1994-жыл – Австрия республикасынын адабият жана искуссрво жаатындагы Люксембург королунун «Чоң крест» сыйлыгы; 1994-жыл – Япониянын «Күн чыгыш» сыйлыгы. 33

1988-жыл – Социалисттик Эмгектин Баатыры, 1997-жыл – Кыргыз Республикасынын Баатыры 1999-жыл – 1-даражадагы «Манас» ордени 2000-жыл – «Ойлор менен иштердин ыйыктыгы үчүн» ордени 2003-жыл – «20-кылымдын Кыргыз маданиятына жана руханиятына өзгөчө салым кошкондугу үчүн» алтын медалы 2004-жыл – «КМШнын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» алтын медалы 2005-жыл – Эл аралык коомдук «Алтын Бүркүт» ордени Алган сыйлык, наамдары. 34

2005-жыл – Америкалык «2005-жылдагы адамдын жетишкендиги үчүн» алтын тамгалуу «Ардак белгиси» медалы; 2006-жыл – Түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн Эл Аралык Академиясынын «Вектор» алтын медалы; 2008-жыл – Эл Аралык «Түрксой» сыйлыгы; 2008-жыл – Дүйнөлүк кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн «Жибек жолу» кинофестивалынын «Алтын Каракөз» сыйлыгы. Алган сыйлык, наамдары 35

Энелердин мээримин даңазалап Уулун издеп зар какшайт Найман-Эне Бакыт чачкан Абуталип, Зарипа Тагдырыңар ушундай тайкы беле? Кыянаттык кылбагын деп адамга Кыяматтын жолун тосуп эскерип Кыргыз барда жанып турган ааламга Чынгыз деген жылдыз өчпөйт асманда. Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн, даңазалуу залкар жазуучубуз ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН жаркын элесине арналат «Ак булуту» жакшылыкка жандаган. Жылдыз сындуу «Жаныбарым Гүлсары», Дүйнө жүзүн дүңгүрөтөт арыштап. Кайраты бар, мээрими бар Толгонай. ЖЫЛДЫЗ ӨЧПӨЙТ Айым Талгатбек кызы Ала-Тоодой ак калпакчан, пейли ак, Кыргыз элин жер жүзүнө тааныткан. Адамзаттан алга озуп көп убак, Чынгыз ата заманына даанышман Аалам сыйган ойду жазып кагазга, Түрк балдары турулуп кубаттаган. «Түнкү сугат»,»Кыямат»,»Жамийласын» Түркүн элдер тамшанып барактаган. Кырда чуркап кызгалдакты аралап, Кол булгалайт гүлдү сүйгөн Алиман. Жүрөк сырын Даниярга арнаган, Шайыр мүнөз шаңкылдаган Жамийлаң. Ак шумкары асманында чабыттап, Кыргыз эне көтөрүмдүү ушундай Денесинде жаштык, эрдик ташкындай Мекен коргойт Майсалбек жоо качырбай. Арзуусун, махабатын жашыралбай Агатай деп комуз чертет Бегима «Чырагым, бул жашоого кеч келдиң, ай?» Раймаалы ырын арнайт өрт-жалындай 36

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду. Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы «Ата Бейит» көрүстөнүнө коюлду. 37

Жайлуу болсун жаткан жериң, жаннатың, Элиң эстеп, айтып жүрөр санатын. Кыргыз эмес, дүйнө эли эскерчү, лбөстүктү, өчпөстүктү жараттың, Кош, түбөлүк, жайлуу болсун жаннатың! Бурул Абдыраимова 38