ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДАГЫ ИШ-АРАКЕТ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДАГЫ БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ Методикалык окутуу: практикалык сабак Убактысы: 1 саат (45 мүнөт.

Презентация:



Advertisements
Похожие презентации
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДАГЫ ИШ-АРАКЕТ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДАГЫ БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ Методикалык окутуу: практикалык сабак Убактысы: 1 саат (45 мүнөт.
Advertisements

Транксрипт:

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДАГЫ ИШ-АРАКЕТ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДАГЫ БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ Методикалык окутуу: практикалык сабак Убактысы: 1 саат (45 мүнөт )

Кырсык адамдарга кокусунан, күтүлбөгөн жерден болуп калышы мүмкүн: жер титирөө, өрттүн чыгуусу, бороон, суу ташкыны, химиялык кооптуу обьектилердеги кыйроолор жана катуу таасир этүүчү уулуу заттардын абага таркашы, транспорттук авариялар жана башка айттырбай келген жаратылыш кырсыктары. Мындай кырсыктардын кесепетинен жарандар ар кандай оор жараакаттарды алышат: ууланууга, күйүккө дуушар болушат. Жарадар болгондор көпчүлүк учурда травма алуудан эмес, биринчи жардамдын кечиккенинин натыйжасында көз жумушат. Мисалы: артериалык кан агууну өз убагында токтото албагындыктан (кол же болбосо жгут менен). Ошондой эле жабырлануучуга аба жетишпегиндиктен же ал чалкасынан жатып калгандыктан тилин жутуп алуу, кусундусуна какоо ж.б. Өлүмдүн кай бир себеби, жанында болуп, бирок жардам бере албай калган адамдын абийиринде калат.

Биринчи медициналык жардам – бул эң жөнөкөй, адамдын өмүрүн майып болуудан сактап калуучу медициналык иш-чара. Кырсык болгон учурда жанында жакын жүргөн же авариялык- куткаруучулардын (же медицина кызматкерлери) жардамы менен табелдик же дайыма колдонулуучу каражаттарды колдонуп, жабырлануучуга жардам көрсөтүү. БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ

Эн биринчи аракет Кыймылсыз отурган (жаткан) жабырлануучунун жанына келип дароо абалын аныктоо керек тери катмарынын түсү кандай мүнөздөгү позада (табигый же табигый эмес) ан-сезими барбы кан агуу, кансыроо, калчылдоо

2.3 АЛГАЧКЫ ЖАРДАМДЫН ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕСИ Сынык, жараат, күйүк, уулануу же сууга чөгүп кетүү – кандай гана кырсык болбосун, тез аранын ичинде төмөндөгүдөй иш-аракеттер менен жардам көрсөтүнүз: 1. Адамды өрт, түтүн болуп жаткан жерден, суудан, электр түйүндөрүнөн жана башка өмүр үчүн өтө коркунучтуу жерлерден алып чыгыңыз. Эсинизде болсун, башкаларды сактап жүрүп, өзүңүз да сактаныңыз! 2. Артериалык кан агууну токтотуу. 3. Жүрөктүн иштешин жана дем алуусун калыбына келтирүү (реанимация). Качан гана жүрөктүн иштеши жана дем алуусу калыбына келгенде, кан агуу токтогондо төмөнкүлөрдү жасагыла: 4. Таңуу жана шакшак коюу 5. Тезинен транспорт таап, ооруканага жеткирүү 6. Болгон окуянын чоо-жайын иликтөө Эч качан ызы-чууга алдырбагыла!

СЕБЕПТЕРИ: Жүрөк кан тамырларынын оорушу; оор жаракат алуу; чөгүп кетүү; электр тогунан жабыркоо; оор уулануу жана башка себептер БЕЛГИЛЕРИ: эс акылын жоготуу; каректин чоңоюусу, жарыкка реакция кыла албастыгы; сон артериясындагы пульстун жоголушу

АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ 1. Жабырлануучуну катуу жерге жаткырып, үстүнкү кийиминин төш бөлүгүн чечип жана кур байламасын бошотуу керек. Эскертүү, жүрөккө жана төшкө массаж кылууда сөзсүз түрдө төшүндөгү кийимин чечип, кур байламасын бошотуп коюу керек 2. Көкүрөккө эки манжаны коюп, пульс бар же жок экендигин текшерүү керек; 3. Пульс, кан тамырдын кагышы калыбында болбосо, анда жүрөккө сырткы массаж жасаш керек.

Жүрөккө механикалык (кол менен) жардам көрсөтүү анын иштешин калыбына келтирүү жана кандын үзгүлтүксүз айланышы үчүн жасалат. Жүрөккө массаж кылуунун себеби кокустуктан жүрөктүн иштешинин токтошу. Жүрөктүн кокусунан токтоп калышынын белгилери–кубарып кетүү, акыл-эсин жоготуу, күрөө-тамырдын какпай калуусу, карегинин чоноюушу жана дем алуу басандап, кээ бир учурда титирөө менен коштолот; Жүрөккө массаж кылуунун негизги эки түрү бар: сырткы же кыйыр (жабык) жана ички же түз (ачык) түрдө; Колду коюуну туура тандагыла: - манжалар менен төштүн төмөн жагын кармалап көрүп жана эки манжа менен ошол жерди кармагыла; - экинчи колдун алаканын төштүн манжалар турган жеринен өйдө жагына койгула; - манжаларды алып жана биринчи колдун үстүнө экинчи колдун алаканын койгула; - төш сөөккө манжалар менен тийбөө керек. Массаж жасап жатканда куткаруучунун ийиндери алакандын тушунда болуусу керек!

Кээде таза бет аарчы же болбосо 3-4 катар бүктөлгөн таза бинт салфеткасы менен да жасаса болот. Ал атайын жасалган коргоочу желим масканын жардамы менен жасалат Жабырлануучуга жасалма дем алдыруу жасоо алдында, башын түз коюп, дем алуу жолдорун ачуу керек. Жасалма дем алдыруу «ооздон-оозго» же «ооздон мурунга» жасалат

Кансыроонун түрлөрү: Артериалдык - кандын дирилдеп агышы, кайсы бир бийиктикке чыкканда пульс толкундалып жана өнү ачык кызыл болуп калат. Веноздук – интенсивдүүрөөк, күнүрт түстө болот. Капилярдык – ичке кан тамырлардын жарылышынын кесепетинен болот, муну өз алдынча токтотсо болот. Ички кан агуу – баш сөөгүндө, көкүрөктө же ички органдарда кездешет, мындай учурда операция аркылуу гана токтотулат.

ЖГУТ МЕНЕН КАН ТОКТОТУУ ЖОЛУНУН ЫКМАЛАРЫ

Сөөк бүтүндүгүнүн бузулушу сынык деп аталат. Сынык ачык жана жабык деп бөлүнөт. Ачык сынык жабык тибине караганда коркунучтуу, анткени инфекция кирип кетиши мүмкүн. Сөөктөн жаранка кетүү дагы сыныкка кирет, же толугу менен сынуу

жана БЕЛГИЛЕРИ: катуу оору; буту-колдун кыймыл функциясынын бузулушу жана деформация; колу-буттун кыскаруусу; сөөктүн өзгөчө кырсылдоосу. БИРИНЧИ ЖАРДАМ: сынган жерди кыймылдатпай, таяк же шакшактын жардамы менен тануу; иммобилизациялоого шаймандар жок учурда, сынган колду тулку боюна танып жана сынган бутту кыймылдатпоо үчүн бинт менен соо бутка таңыш керек; ЖАБЫРЛАНУУЧУГА ооруну басандатуучу дарылар: баралгин, седалгин, анальгин, амидопирин димедрол жаш өзгөчөлүгүнө карата белгилүү өлчөмдө берилет.

ЧЫГЫП КЕТ ҮҮ – бул муундардын кошулган жеринин чыгып кетүүсү, алардын бүтүн бойдон же бир бөлүгүнүн жабыркашы; БЕЛГИЛЕРИ: - чыгып кеткен муунда оору катуу байкалат; - муун бөлүкчөлөрүнүн функциясынын кыймылдоого жарамсыз болуп бузулушу; - муундун формасынын деформациясы жана муун бөлүкчөлөрүнүн аргасыз абалы.

ЖАРААКАТ – бул механикалык жол менен тери катмарынын жабырланышы, кээ бир учурда булчун эттердин, нерв, чоң кан тамырлардын, ички органдардын, муундардын жараакат алышы менен коштолот. ЖАРААКАТ ТҮРЛӨРҮ: кесип алуу; тешип алуу; чаап алуу; кыпчытып алуу.

ЭТТИН ЧОЮЛУП КАЛУУСУ – жумшак тери катмарынын (муун, булчун) кандайдыр бир кокустуктан белгилүү бир жердин бузулушу. БЕЛГИЛЕРИ чыдатпаган оорунун кокусунан пайда болуусу; шишип кетүү; муун кыймылдарынын бузулуусу; майда терилерде кандын уюуусу; чоюлган жерди кармалап көргөндө оору сезилет. АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ төмөнкүдөй берилет: жабырлануучунун тынчтыгын камсыз кылуу; жабыркаган дене бөлүгүнө кам көрүү

КӨГӨРҮҮ – булчун эттери жана дене мүчөлөрү травма алуудан улам теринин бүтүндүгү бузулбай жабыркайт. БЕЛГИЛЕРИ: оору; шишик; бир нече сааттан же күндөн кийин көгөрүү. АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ: Таңуучу оромду коюу; Көгөргөн жерге муздак нерсе басуу; Жабыркаган жерди ары-бери жылдырбоо; Таттуу суусундук берүү; 3-4 күндөн кийин жылуу ванна жана массаж кылуу зарыл;

КЫПЧЫЛУУДАН КУТКАРУУГА ЧЕЙИН (эгер буту-кол 15 минуттан ашык басылып калса): Кыпчылган жерге муз, кар салынган пакет же муздак суу басуу; Ооруну басандатуучу дарылардан берип, ысык нерсе ичирүү керек; Жгут менен жабыркаган жерден өйдөрөөк таңуу; Жгутту чечпей туруп, жабыркаган жерди туюктап таңуу керек; Эгер буларды жасабаса, кыпчылуудан бошоткондон кийин дене мүчөлөрүнүн аяктарын шишик басып, таманда жана кызыл ашыкта пульс жоголот, кызыл же мала кызыл заара бөлүнүп, абалы дароо оордойт. КЫПЧЫЛУУДАН КУТКАРГАНДАН КИЙИН: Дароо жгут менен танып (эгер ал таңыла элек болсо) жана туюктап ороо керек. Шакшактарды коюу. Жабыркаган жерге муздак нерсе басуу; Ооруну басандатуучу дарылардан берип, ысык нерсе ичирүү керек; Кыпчылган жерди коргоочу жгут менен танбай туруп, жабырлануучуга көп өлчөмдөгү суюктук берүүгө болбойт!

ЭЛЕКТРОТРАВМА – организмдин электр тогунан жабыркоосу. Электротравмада жергиликтүү жана жалпы (күйүк) болот. АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ: Жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу (рубильникти өчүрүү, электропроводдорду алып таштоо ). Нашатырь спиртин жыттатуу. Кийимин жеңилдетип, көмкөрөсүнөн жаткырып, оозун ар кандай суюк массалардан, көбүктөн тазалоо) Башына муздак нерсе басуу. Күйгөн жерге стерилденген тануу, таза чүпүрөк же салфетканы аракка чылап басуу. Сынык бар болсо - шакшак коюу. Денесин жылытып, жүрөк үчүн суюк тамчылардан берүү. Жабырлануучунун дем алуусу жана жүрөгүнүн кагышы токтоп калса, тезинен жүрөккө кыйыр массаж жана жасалма дем алдыруу жасоо керек. Бул иш-чара өз алдынча дем алып, жүрөгү иштеп калганга, врач келгенге чейин жасалат. Башка нерселерди колдонууга (жерге көмүү, жулкулдатуу ж.б) тыюу салынат. Жабырлануучуга суу бербөө керек!

Жабырлантуучу факторлорго байланыштуу күйүктөр төмөнкүдөй бөлүнөт: термикалык (ысык суюктук, оттун жалыны, ысык металл менен) электрдик химиялык БИРИНЧИ ЖАРДАМ Жабырлантуучу факторду алып салуу! Күйгөн жерди муздатуу 1 жана 2 - даражада мүнөт суу менен муздатуу 3 жана 4 – даражада таза ным тануулагыч менен тануу, потом охладить ным тануулагыч менен жабуу шокко каршы аракеттер жана тынчтыгына кам көрүү БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА СИМПТОМДОРУ: Оору Теринин кызарышы – 1-даража Ыйлаакчалардын пайда болушу – 2-даража Жараат - ыйлаакчалардын жарылышы – 3-даража Сезим, туюунун жоголушу даража

БИРИНЧИ ЖАРДАМ: Ооз көндөйүн тазалоо; Жабырлануучунун башын жерди көздөй төмөн каратып, куткаруучунун алдына жаткырып, көкүрөгүн жана далысын күч менен кысып, ичтеги жана өпкөдөгү сууну чыгаруу керек; Андан сон, дароо жасалма дем алдырууга киришүү; Жүрөктүн иштеши үчүн бир эле убакта жасалма дем алдыруу жана жүрөккө кыйыр массаж жасоо Дем алуу жана жүрөктүн иштеши калыбына келгенден кийин жабырлануучуну жылуулап, жаап жана медициналык пункттарга жеткирүү керек. СУУГА ЧӨГҮҮ – дем алуу жолдорунун суюк же суюктук массалары менен бүтөлүп калышы. Чөгүүнүн белгилери ооздон көбүк агуу, дем алуунун жана жүрөктүн токтошу, тери катмарынын көгөрүшү

БЕЛГИЛЕРИ: калтырак басуу, булчундардын калчылдоосу, речин жоготуу жана апатия, жөөлүү жана галлюцинация, жүрүш-турушу тан калыштуу боло баштайт, эриндердин көгөрүшү же кубарышы, дененин температурасынын төмөндөшү. БИРИНЧИ ЖАРДАМ: жабырлануучуну жылуу жаап, жылуу таттуу суусундук же канттын кошулмасы көбүрөөк азыктардан бергиле; Мүмкүнчүлүккө жараша 50 мл алкоголь берип жана бир сааттын ичинде жылуу бөлмөгө жеткирүү; Бөлмөдөн кийимин чечкиле. Денесин жылыткыла. Жабырлануучуну С (чыканак менен суунун температурасын текшерсе болот) болгон жылуу ваннага салгыла; андан сон, грелкадан көбүрөөк коюу керек (желим бөтөлкөлөрдөн). Ваннадан кийин жабырлануучуну сөзсүз жылуу жууркандар менен жаап, кургак кийим кийгизүү керек; Жылуу таттуу суусундукту берүүнү улантабыз; Сөзсүз врач чакыргыла! Өзүнүз үшүккө кабылган учурда – өзүнүздү – өзүнүз сактап калууну ойлонуп, уйкуга алдырбай, кыймылдап турунуз; үстүнкү кийим жана бут кийиминизди кагазды, желим пакеттерди колдонуп жылууланыз; сууктан сактануу үчүн баш калкалоочу жай издениз же аны куруп алыныз.

ЭСТЕН ТАНУУ – бул аз убакытка жүрөк жана дем алуу начарлап, кокусунан эсин жоготуу. БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА СИМПТОМДОРУ Дендароо болуу; Кубаруу, Алсыроо, Каректин чоноюшу Акырындык менен жерге жыгылуу же кулап калуу; Приступтун узактыгы – бир нече ондогон секундга созулат. БИРИНЧИ ЖАРДАМ Жөлөп-таяп, жыгылууга, кулап түшүүгө жол бербөө; Жабырлануучуну бутунан жогору көтөрөбүз. Кийген кийимин жеңилдетебиз. Таза, салкын аба менен дем алуусун камсыз кылабыз. Абалын көзөмөлдөйбүз. 10 мүнөттөн кийин эсине келбесе, тез жардам чакырабыз.

КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАРГА РАХМАТ!