Кыргыздын улуттук тамак- аштары Бешбармак Бешбармак - майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин шорпосуна бышырылган.

Презентация:



Advertisements
Похожие презентации
Кыргыздын улуттук тамак- аштары Бешбармак Бешбармак - майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин шорпосуна бышырылган.
Advertisements

Транксрипт:

Кыргыздын улуттук тамак- аштары

Бешбармак Бешбармак - майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин шорпосуна бышырылган кесме жана майлуу чык аралаштырылып бешбармак жасалат. Бешбармак бардык малдын (жылкы, уй, кой, эчки) ошондой эле кийиктин (аркар, кулжа, бугу, элик) жаңы союлган же сүрсүтүлгөн этинен жасалат.

Олобо – койдун, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулуп сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак. Олобо жасаш үчүн өпкөгө бычак тийгизбей союш керек. Союлган малдын өпкөсү кекиртеги менен кошо чыгарылып, үйлөнүп, муздак сууга салынат. Сүт куярда ага батышынча жылуу суу куюп тазалайт, ал сууну кайра өпкө агарганча «кустурат». Тазаланган кезде өпкө канча суу «жутса», ошончо сүт куюлат. Өпкөгө сүт толгондо темгил болбой агарып калат. Сүт толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип ме­нен катуу буулат. Олобону өзүнчө 2-2,5 саат казанга бышырып, сууганда кыя кесип, дасторконго коёт.

Куурдак Куурдак Орто Азия элдеринде кеңири тараган чүйгүн эт тамактардын бири. Куурдак кууруунун улуттук ашка тамактарды даярдагандай эле өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздарда куурдакты жаңы союлган малдын кой, уй, эчки) ич этинен (боор, жүрөк, бөйрөк, чучук жана башка), моюн, боконо, арка эттери кошулуп куурулат. Адегенде карын менен бөйрөк майларын көөлгүтө сызгырып алат, ага анча чоң эмес бөртө- бөртө тууралган этти салат, кыя тууралган пияз, сарымсак кошот, баарын аралаштырып куурат, туз, мурч салат, отту кичирейтип, минута бышырат. Анда- санда аралаштырып туруу керек. Куурдак куурулган майы менен бирге берилет, көбүнчө ысылык катары желет, майы жүрөккө тийбейт. Жаңы союл­ган малдын өз майына куурулган куурдак даамдуу.

Быжы Быжы – улуттук коюу тамак. Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын өзүнчө куюп алат. Ага кашык менен, же сүргүчкө эзилген боорду колго, же эт туурагычка майда тууралган боор этин жана жүрөктү, ич майын, күрүч, пияз, татымал чөп (ашкөк, шибит, жүсай), суу кошот, туз, кара мурч же калемпир салат, баарын жакшылап аралаштырып, бир азга жаап коёт. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салат. Даяр туурамжыны (фарш) таза жуулган мөөнгө, же жоон ичегиге салып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйт. Эгерде туурамжы көп даярдалса, карынга, жумурга салса да болот. Туурамжы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот. Боор (күрүч кошулганда андан бетер) майды көп талап кылынат. Быжы минутада бышат, ысык бойдон дасторконго коюлат. Быжыны этке кошпой, өзүнчө идишке бышырган оң, анткени ал жарылса, сорпо киргил тартып, даамы кермек болуп калат.

Кыргыздын улуттук кийимдери Кийим – адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган. Кийимге жүн, тери жана кездеме пайдаланылган. Кийимдин жаңы түрлөрү байыркы кийимдерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган. Кыргыздарда кийимдер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо- чиймелер менен көркөмдөлгөн.

Калпак Шокуло Кыргыз калпагы жашоо- тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Эми, ошол маанини аныктап, аны кайра элге бергенге аракет кылып көрөлү. Эгер, кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип, шөкүлө кийишкен. Эң кызык жери, шөкүлөдө шолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин элге билдирип турган. Ошондуктан, кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын анда «айтып» калууга аракеттенишкен. Бул эки айылдын уул-кыздары биригип кыз оюн курганда, кыз менен жигиттин өз ара пикир алышуусуна өтө ыңгайлуу шарт түзүү менен алардын кимисинин башы бош, кимисинин кайындап койгон жери бар экендигин да мынабу баш кийимдер сүйлөп беришкен да, бирин бири тааныбаган эки жаштын өз ара пикир алышуусу үчүн маанилүү роль ойногон.

Чапан жана белдемчи Белдемчи – аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими. Ал баркыт, нооту жана башка кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү, түсү аны кийүүчү кишилердин жашына, өңунө, тулку боюна, табитине жараша жасалат. «Кызыл, көк көчөт келтирип, Кыпча белге кынаптап, Кыз бурак сенин белдемчиң»

Элече к Элечек – апалардан калган баш кийим. Бул өзүбүздүн улуттук баш кийимибиз да. Кандай көрктүү, кандай жарашыктуу! Мунун өзүнүн сыры бар. Илгери кыргыздар тоо-ташта көчүп конуп жүргөн да. Анан кыргыздын өзүнүн салты бар. Элечекти ак кепин деп коюшат. Ошондуктан илгери аял кишиге элечекке метр кездеме кетчү экен. Ошого карап ороп жүрүшчү. Ал эми азыр дүкөн түбүбүздө, мата деген көп. Азыр баары кийип алса жарашмак, метр кылбай эле чакан 5 метрлик кылып эле жасап алса болот.

Тебете й Бул салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда да жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат. Илгерки тебетейлер кийгизилип, көрпөнүн учуна кайрылуучу. Чети тышына бириктирилген соң көрпө сырт жагына кайрылат.

Конул бурганыныздарга чон рахмат!!!