КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРКШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ ЖОГОРКУ АДМИНИСТРАЦИАЛОО МЕКТЕБИ КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ.

Презентация:



Advertisements
Похожие презентации
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРКШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ ЖОГОРКУ АДМИНИСТРАЦИАЛОО МЕКТЕБИ КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ.
Advertisements

Транксрипт:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРКШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ ЖОГОРКУ АДМИНИСТРАЦИАЛОО МЕКТЕБИ КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ

КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ 1709-ж. Фергана өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө (Маргалан чөлкөмүндө) көчмөн феодалдардын жардамы менен Шахрух бий башкаруучу болуп жарыяланган. Санжыра боюнча ал айтылуу Бабурдун урпактарынан болгон.

Бийликке келген Шахрух бий Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат

XVIII к. башында Коженттин бийлөөчүсү кыргыздын чонбагыш уруусунан чыккан Акбото бий болгондугу тарыхый булактарда маалым. Ал Шахрухтун Зейнеп деген кызына үйлөнүп, Кокон амирлигинин негиздөөчүсүнүн күйөө баласы болгон. Көчмөндөрдүн салтында күчтүү бийлөөчү гана башка бий атаандашынын кызын аялдыкка алуусу шарт экендиги маалым. Мындан биз Шахрухтун бийликке келишине Акбото бийдин чон жардамы тийгендигин божомолдосок болот.

жж. өкүм сүргөн Кокон мамлекетинин өнүгүүсүн үч доорго бөлүп кароо ылайыктуу. Алар төмөнкүлөр: жж. Кокон мамлекетинин түптөлүшү. Бул мезгилде Кокон амирлиги өз алдынча мамлекет катары саясий-административдик жактан калыптаньш бүткөн, социалдык-экономикалык жактан чыңалган. Фергана чөлкөмү Кокон мамлекетине биротоло бириккен жж. Кокон хандыгынын өнүгүшү жана гүлдөө мезгили. Кокон мамлекети саясий- административдик жактан күчтүү өнүгүп, ички-тышкы саясаты чыңалган. Фергана өрөөнүнун экономикалык абалы бекемделген. Кокон хандыгы Фергана өрөөнүнөн сырткары жактарды караткан.

жж. Кокон мамлекетиндеги социалдык-саясий кризистердин күчөшү жана хандыктын кулашы. Бул мезгилде социалдык, феодалдык жамааттар аралык карамакаршылыктардын өсүшү, мамлекеттик түзүлүштүн бошондошу, борбордук бийликтиы феодалдык эзүүсүнүн күчөшү, саясий кризистерге, элдик көтөрүлүштөргө алып келген жж. элдик кыймыл Кокон мамлекетин биротоло кулаткап. Ошонун натыйжасында Фергана өрөөнүн орус колонизаторлорунун каратып алышына ыңгайлуу шарт түзүлгөн.