КОМБИНАТОРИКАН ЫН. НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРИ
К өп учурларда чектүү сандагы элементтерден ар кандай комбинацияларды түзүүгө жана кандайдыр бир эреже боюнча түзүлгөн бардык мүмкүн болгон комбинациялардын (латын сөзү combinftio – биригүү) санын эсептөөгө туура келет. Мындай нерселер комбинатордук маселелердеп аталып,аларды чыгаруу менен иш алып баруучу математиканын бөлүмүн комбинаторика деп айтышат. Башкача айтканда: Комбинаторика-бул берилген объекттерден тигил же бул шартка баш ийген комбинациялардан канчоону түзүүгө боло турганын үйрөтүүчү математиканын бир бөлүмү.