Кулматова Венера Шаарпековнанын Кыргыз Республикасында салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынышы аттуу темадагы 12.00.14 – административдик укук, каржы.

Презентация:



Advertisements
Похожие презентации
Кулматова Венера Шаарпековнанын Кыргыз Республикасында салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынышы аттуу темадагы – административдик укук, каржы.
Advertisements

Транксрипт:

Кулматова Венера Шаарпековнанын Кыргыз Республикасында салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынышы аттуу темадагы – административдик укук, каржы укугу, маалымат укугу адистиги боюнча юридика илимдеринин кандидаты окумуштуулук илимий даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын авторефератына

АННОТАЦИЯ

В.Ш. Кулматованын диссертациясы актуалдуу изилдөө болуп саналат, анда Кыргыз Республикасында салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынышын жакшыртуу үчүн олуттуу мааниге ээ болгон илимий жактан негизделген чечимдер баяндалган.

Диссертант тарабынан Кыргыз Республикасында салык салууну укуктук жактан жөнгө келтирүү көйгөйү боюнча теориялык көз караштар сунушталган. Бир катар илимий-практикалык маселелер иштелип чыккан, анын ичинен, салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынуу көйгөйлөрүн актуалдаштыруу өбөлгөлөрү аныкталган; Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жакшыртуу боюнча автордук сунуштар жана көрсөтмөлөр киргизилген.

Изилдөөнүн объектиси болуп укуктук ченемдер менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын салык салуу процессинде түзүлгөн коомдук карым-катнаштар эсептелет.

Изилдөөнүн предмети Кыргыз Республикасында салык салууну жөнгө салган ченемдик укуктук актылар, укук колдонуучу иш- тажрыйба, салык салууну укуктук жактан жөнгө келтирүү тармагындагы салык институттары болуп саналат.

Изилдөөнүн максаты Кыргыз Республикасындагы салык салууну укуктук жактан жөнгө салыныш өзгөчөлүктөрүнө базар мамилелеринин калыптануу шарттарындагы каралып жаткан коомдук мамилелер чөйрөсүндө укуктук ченемдик базаны жакшыртуу позициясы менен комплекстүү салыштырма укуктук анализ жүргүзүү жолу менен аныктоо болуп саналат.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бир катар теориялык жана практикалык корутундулар чыгарылган.

Салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынышы Кыргыз Республикасындагы салык салуунун өзгөчөлүктөрүн айкындаган теориялык да, практикалык да аспектилер боюнча комплекстүү изилдөөлөр ишке ашырылган.

Салык салуунун укуктук жөнгө салуу механизмдеринин салыктык- укуктук ченемдери, салыктык укуктук мамилелер сыяктуу элементтерине иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыккан.

Диссертациялык деңгээлде Кыргыз Республикасында салык салуунун укуктук жактан жөнгө салынышы боюнча Кыргыз Республикасында тийиштүү деңгээлде жана өз алдынча иштелмелерге ээ болбогон көйгөйлөр комплекстүү иликтөөгө алынган.