Омурткалуулар типчеси (Vertebrata), же баш сөөктүүлөр (Craniata). Жалпы түзүлүшү. Омурткалуулардын жалпы түзүлүшүнө мүнөздөмө.

Презентация:



Advertisements
Похожие презентации
БЕЛЕК СОЛОТОНОЕВ –Ж.Ж.. ΘМYР БАЯНЫ БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ ЖЫЛЫ ЧОҢ - КЕМИН ЖЕРИНДЕ ЖАРДЫ АДАМДЫН Y Й - Б Y ЛΘС Y НДΘ ТУУЛГАН. УШУНДАЙ ЖАРДЫ Y.
Advertisements

САЯСАТ ФИЛОСОФИЯСЫ Political philosophy begins with the question: what ought to be a persons relationship to society?
Пуск менюсунан Программаларды тандайбыз Excel программасын тандайбыз.
Сабактын темасы: Диаграммалар Электрондук таблицанын эң сонун бир касиети - бул таблицадагы сандык маалыматтарды сүрөттөп чагылдыруу мүмкүндүгү.
КОМБИНАТОРИКАН ЫН. НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРИ. К өп учурларда чектүү сандагы элементтерден ар кандай комбинацияларды түзүүгө жана кандайдыр бир эреже боюнча.
Vowels backed А Э Ы О У fronted Я Е И Ё Ю. Consonants unvoiced П Т К voiced Б Д Г.
А р а б с ь к і н о ч і (* П р е з е н т а ц і ю в и к о н а л а К а з а к о в а А. С. У ч е н и ц я 11 – А к л а с у.
Радиорелелік және спутниктік беру жүйелері Сымсыз байланыс каналдары.
Химиялы қ реакцияларды ң жылдамды ғ ы. Ә рт ү рлі факторларды ң ә сері.
Pyccкий aлфа в ит Russian alphabet. Pyccкий aлфа в ит Cyrillic alphabet Contains 33 letters.
Вчитель музичного мистецтва Палій О.В. 3 мі 4 фа 5 соль 6 ля 7 сі 2 ре 1 8 до 1 до.
Сканерлеуші электронды микроскоп. Растрлы қ электронды қ микроскоп (РЭМ) ү лгіні ң бетіндегі суретті, сонымен қ атар құ рамы туралы информацияны алу ғ.
Збери слово Вивчені букви – а,у,о,и,і,м,н,в,л,с,к,п,р,т Частина перша Автор. Головач Маргарита.
м о н і т о Р с и с т Е м н и й Д и с к и к л а в і А т у р а п р о п у с К п р и н Т е р к О м п ю т е р п Р а в и л а.
ЭЛЕКТРОЛИТТІК ДИССОЦИАЦИЯЛАНУ ДӘРЕЖЕСІ. КҮШТІ ЖӘНЕ ӘЛСІЗ ЭЛЕКТРОЛИТТЕР.
Биогеографиялы қ ғ ылым тарихыны ң хронологиялы қ дамуына сипаттама Орында ғ ан:Тал ғ ат қ ызы Г.
«БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА» МУРАТКАН КЫЗЫ САЙКАЛ.
4 π ²l g = Т ². Жұмыстың м ақсаты : Математикалық м аятниктің тербеліс п ериодының T = 2 π l / g ф ормуласы б ойынша еркін т үсу ү деуін а.
Не? Қ алай? Кім ү шін? Орында ғ ан:ШТ-13 группасыны ң студенттері Каиржанова Д.К, Саукимова Ж.Г Тексерген:Е Ұ У-ні ң к ә сіпкерлік негіздері п ә н о қ.
Транксрипт:

Омурткалуулар типчеси (Vertebrata), же баш сөөктүүлөр (Craniata). Жалпы түзүлүшү. Омурткалуулардын жалпы түзүлүшүнө мүнөздөмө

Омурткалуулар – хордалуулардын жогорку типчеси. Баш сөөксүздөр жана кабыктууларга салыштырмалуу алар татаалыраак морфофизиологиялык уюшкандыкка ээ. Омурткалуулардын арасында бир жерге бекип тиричилик өткөзгөн түрлөрү жок. Алар мейкиндикте активдүү кымылдап журөт, азыгын таап да кармай да алат жана жыныстык жубун көбөйүү үчүн издейт, душмандарынан качып, жашырына алыша. Ошондуктан омурткалуулар кобойүүсүнө байланыштуу, кыштоосуна байланыштуу жана башка өзгөчолуктөрүнө байланыштуу орун которуштура алышат.

Төмөнкү түзүлүштөгу хордалууларга салыштырмалуу нерв системасы жакшы өөрчүгөн. Бул типтеги баардык жаныбарлардын баш мээси өөрчүгөн, ал жогорку нерв ишмердүүлүгүн камсыз кылат. Ал ыңгайланыштыруучу жүрүм-турумду камсыз кылат. Омурткалуулардын сезүү органдары ар түрлүү, сезүү органдары омурткалуу жаныбарлардын организмин тышкы чөйрө менен байланыштырып турат.

Мээге жана сезүү органдарына сактооч катары- кутуча баш сөөк жаралган. Көпчүлүк омурткалууларда хорда октук скелет катары омуртка менен алмаштырылган. Ал дененин таянгычы эле эмес, аралык мээни жана жүлүндү коргоп турат. Скелеттин кыймылдуу бөлүктөрү жаралган, алардан ооз жана жаак аппараттары түзүлөт. Бул сөөктөр азыгын кармап турууга жана майдалоого катышат.

Жүрөгүнүн болушу кандын агымын ылдамдатат. Болүп чыгаруу системасынын болушу алмашуунун продуктыларын организмден чыгарууну камсыз кылат.

Жогоруда белиленген жогорку тиричиликтик уюштурулушунун белгилери омурткалууларды баардык тиричилик чөйрөсүндө жашоого мүмкүнчүлүк түзгөн жана алар кеңири таралышкан. Алар Ордовик-силурда жаралып, юрдан баштап тиричилик өткөзо баштаган, юрда эле азыр белгилүү болгон класстары тиричилик өткөзүп келишкен. Мурда белгилегендей эле азыркы мезгилде ге жакын түрлөру белгилүү.

Омурткалуулардын классификациясы Омурткалуулар же баш сөөктүүлөр (Vertebrata, или Craniata) типчеси эки топтон турат: анамнийлерден (Anamnia) жана амниоттордон(Amniota).

Анамнийлер - биринчилик суу жаныбарлары. Дем алуу органынын функциясын алардын тиричилигинин акырына чейин же личинка мезгилинде бакалоорлору аткарат. Жумурткасынын өөрчүшүндө түйүлдүк кабыгы жаралбайт.

Анамнийлер тобу эки б ө лумд ө н турат: Жааксыздар(Agnatha) жана Жаактуу ооздуулар (Gnathostomata). Жааксыздар б ө л ү м ү тегерек ооздуулар (Cyclostomata) киртет. Жаактуу ооздуулар балыктар (Pisces) жана кругактыктагы омурткалуулар же т ө рт буттуу омурткалууларды (Tetrapoda) алып ж ү р ө т. Балыктар кемирчект үү балыктар (Chondrichthues) жана с өө кт үү балыктар (Osteichthues) классынан турат. Т ө рт буттуу омурткалуулар болсо жерде-сууда жашоочулардан же амфибиялардан (Amphibia) турат.

Амниоттор кургактыкта тиричилигин өткөзгөн жаныбарлар. Аларда бакалоордук дем алуу бир дагы өөрчүүсүнүн баскычында байкалбайт. Жумурткасынын өөрчүүсүндө түйүлдүк кабыгы жаралат. Амниоттордун тобу үч классты өзүнө камтыйт: сойлоп жүрүүчүлөр же рептилиялар (Reptilia), канаттуулар (Aves) жана сүт эмүүчүлөр же айбандар (Mammalia).

Омурткалуулардын түзүлүшү Тери жабуусу Териси көп түрлүү функция аткарат: тышкы чөйрө менен байланыштырат, булчуңу менен бирдикте денесинин формасын түзөт, механикалык, химиялык таасирлерден жана теримкалык бузулуулардан коргойт, микробдордун кирүүсүнөн сактайт, терморегуляцияга, газ алмашууга, бөлүп чыгарууга катышат. Теринин туундулары орун которуштурууда катышат (мисалы, туяктары), кармоого катышат (мисалы, тырмактары), коргонууда кол салууга (мсалы, мүйүздөрү, ийнелери), учууга катышат (жарганаттардын жаргакчалары), сүзүүгө катышат (жаргакчалары) жана сезүүго катышат.

Омурткалуулардын терисинин туз ү л ү ш ү эки катмарлуу. Тышкы катмары эпидермис деп аталат жана эктодермадан келип чыккан. Анын астындагы катмар дайыма жа ң ы клеталарды иштеп чыгып турат. Жогорку катмары катууланып м ү й ү зд ө н ү п, ө л ү п, т ү йр ү л ү п т ү ш ү п турат. Эпидермис ар т ү рл үү тери бездерине бай жана теринин м ү й ү зд үү туундуларына берилет. Теринин м ү й ү зд үү туундуларына канаттар, чачтар, тырмактар, туяк жана м ү й ү з кирет.

Ички катмар – кориум же кутис деп аталат дагы мезодермадан жаралган. Ал туруктуу жана калың. Анда балыктарда кабырчык сымал сөоктөнүүнү, бугуларда мүйүздөрдүн жаралганын байкоого болот. Кориумдун астынкы катмарын тери астындагы май катмары жайгашат.

Мускулатура Омурткалуу жаныбарлардын мускулатурасы соматикалык жана висцералдык деп бөлүнөт. Соматкиалык мускулатура терини астында жайгашкан жана таргыл булчун тканынан турат. Ал мезодерманын артркы бөлугүнөн жаралат жана тышкы чөйрөдө кыймылдап жүрүүнү камсыз кылат.

Висцералдык мускулатура болсо ички органдардын мускулатурасы. Ал жылмакай булчуң тканынан турат. Ал мезодерманын ич бөлүгүнөн жаралат. Ал азыгынын жылышын, тамырдын беттеринин жыйрылышын камсыз кылат.

Скелет Скелет дененин таянгыч функциясн аткарат, дененин кымылына катышат, ички органдарды сактап турат. Омурткалуулардын скелети октук, висцералдык жана уюлдардын скелети болуп бөлүнөт.

Октук скелет алгач хорда түрүндө болот. Ал нерв түтүгү менен бирге тутумдаштыргыч кабык менен курчалган.Хорда энтодермадан келип чыккан. Кийинчерээк ал акырындык менен кемирчек же сөөк скелети менен алмашылат. Емирчек жана сөөк скелеттери мезодермадан келип чыккан.

Октук скелет омуртка тутумунан жана баш сөөктөн турат. Баш сөөк эки жуп кемирчек түрүндө баш мээнин башаты катары жаралат. Ошол эле мезгилде сезүү органдары жаралат. Скелеттин бул бөлүгү баш мээнин жаралышы жана сезүү оргнадарынын жаралышы менен коргоочу түзүлүш катары жаралат.

Висцералдык скелет азык түтүгүнүн алдыңкы бөлүгүнүн тутумдаштыргыч тканынан жаралат. Биринчи ал бакалоорлорду жылчыктарынын ортосундагы катар түрүндө болот. Бул катарлар дем алуу аппаратынын таянгычы катары колдонулат. Жогорку омурталууларда висцералдык скелет деген түшүнүк баш сөөктүн бет бөлүгү түшүнүгү менен алмаштырылат.

Бут жана кол курчоолорунун скелети жуптуу жана жупсуз болуп бөлүнөт. Жуптуу аяктардын скелети бут-кол курчоосунун скелети жана эркин буттардын скелети деп бөлүнөт. Эркин буттардын скелетинде балыктардын сүзгүч канаттарын, беш манжалуу бут кетменин атоого болот. Жупсуз бут скелеттерине кемирчек же сөөк катарларынан турган балыктардын сүзгүч канаттарынын скелетин атооого болот.

Тамак сиңирүү органдары Тамак сиңирүү системасынын органдары ооз тешигинен башталган түтүктөн башталып аналдык тешиги менен бүтөт. Тамак сиңирүү трактынын келип чыгуусу энтодермалдык. Тамак сиңирүү трактынын эпителийи энтодермалдык, мындан тышкары ооз аппарты жана аналдык тешиктен тышкары эпителийлер эктодермалдык.

Тамак сиңирүү трактынын негизги бөлүктөрү: Ооз көңдөйү – тамакты алуу кызматын аткарат. Ооз көңдөйү – тамакты алуу кызматын аткарат. Кулкун - дем алуу органдары менен байланышкан Кулкун - дем алуу органдары менен байланышкан Кызыл өңгөч – тамакты карынга жеткирет Кызыл өңгөч – тамакты карынга жеткирет Ичеги - бир нече бөлүктөн турат: алдыңкы (ичке) ичеги, ортоңку (жоон) ичеги, арткы (түз) ичеги Ичеги - бир нече бөлүктөн турат: алдыңкы (ичке) ичеги, ортоңку (жоон) ичеги, арткы (түз) ичеги

Тамак сиңирүү түтүгүнө үч бездин агымы ачылат: шилекей бездеринин, боордун жана көк боордун. Шилекей бездери кургактыкта тиричилилигин өткөзгөн жаныбараларда гана бар. Алардын скелети азыгын нымдайт жана углеводдордун ажыроосун камсыз кылат.

Боор жана көк боор ичегинин алдыңкы өсүндүсүнөн жаралган. Боордун жана көк боордун функциясы тамак сиңирүүдөн дагы кеңири. Боор майды эмульгациялабастан эле тамак сиңирүүнүн ферменттерин активдештирет (ал өттү бөлуп чыгаруусу менен ишке ашырылат), зыян заттарды нейтралдаштырат, гликоген топтойт. Ошол эле мезгилде боор кан иштеп чыгаруучу орган – эмбрионалдык мезгилде бул функциясы активдүү.

ферменттери белок, май жана углеводорду ажыратат. Бул без бир эле мезгилде эндокриндик дагы функцияны аткарат, анткени гормондорду бөлүп чыгарат, мисалы инсулин, кандагы глюкозанын кармалышын көзөмөлдөйт. Уйку безинин ферменттери белок, май жана углеводорду ажыратат. Бул без бир эле мезгилде эндокриндик дагы функцияны аткарат, анткени гормондорду бөлүп чыгарат, мисалы инсулин, кандагы глюкозанын кармалышын көзөмөлдөйт.

Дем алуу органдары Омурткалууларда дем алуу органдары эки типте болот: баалоорлору жана өпкөсү. Көпчүлүк омурткалуу жаныбарлардын дем алуусунда белгилүү бир ролду тери дагы аткарат.

Бакалоор аппартаы симметриялуу жайгашкан жылчыктары бар жуп системадан турат, Ал тышкы чөйрө менен кекиртек аркылуу байланышып турат. Бакалоордун арткы жана алдынкы жылчыктарында пластинкалуу өсүндүлөру былжыр чел кабыктан жаралган. Бул өсүндүлөрү бакалоордук желекчелерге бөлүнгөн. Ар бир бакалоор пластинкасы жарым бакалоор деген ат алып жүрөт.

Бакалоор жылчыктарынын ортосунда висцералдык бакалоор догоосу жайгашкан. Башкача айтканда ар бир жарым бакалоордо эки кошуна бакалоорлордун жылчыктарында экиден жарым бакалоорлук пластинкалар бар. Бакалоор жылчыктары энтодермалдык жол менен келип чыгышкан, бакалоор желекчелери болсо эктодермалдык жол менен келип чыккан.

Тери акрылуу газ алмашуу анда мүйүздөнгөн тыгыз бөлүгу же сөөктүү кабырчыгы жокто жүрөт, мисал катары жерде-сууда жашоочуларды же баштерилүү балыктарды атасак болот.

Дем алуу системасынын функциясы канды кычкылтек менен байытуу жана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу. Төмөнкү түзүлүштөгү суу жаныбарларынын дем алуу системасы аркылуу аммиак бөлүнүп чыгат. Жылуу кандуу жаныбарлардын организминде дем алуу системасы мындан тышкары терморегуляцияга катышат.

Кан айлануу органдары Кан айлануу системасы туюк. Ал бири- бири менен байланыштагы кан тамырларынан турат, ала эки негизги багыттан турат. Арка тамыры канды башынан куйругуна ташыса, курсак тамыры куйругунан башына ташыйт. Канды айлантуучу кызматты жүрөк аткарат.

Жүрөк - калыңбеттүү булчуң мешогу. Ал бир нече камералардан турат. Дүлөйчө канды кабыл алат жүрөккө, карынча канды жүрөктөн айдап чыгарып денеге багыттайт. Ар башка класстарда камералардын саны ар башка. Эмбироналдык жүрөк курсак аортанын арткы бөлүгүнүн жооноюшунан келип чыгат, ал ушул жерде түймөк жаратат. Түймөктүн алдыңкы бөлүгүнөн карынча жаралса, арткы бөлүгүнөн дүлөйчө жаралат. Жүрөк таргыл булчуңдан турат. Ал автономдуу иштейт.

Кан тамырлар эки системаны калыптандырат: артериалдык (мында кан жүрөктөн чыгат) жана веноздук (мында кан жүрөккө кайтып келет). Омурткалуулар бир же эки кан айлануу тегерегине ээ.

Омурткалуулардын каны суюк тутмдаштыргыч ткань, ал түзсүз суюктук плазмадан жана формалык элементтерден: эриторциттен (кызыл кан денечелери, дем алуу пигментин алып жүрөт), лейкоциттен (ак кан денечесинен, организмге түшкөн микроорганизмдерди жок кылат) жана тромбоциттен (кан палстинкалары, кандын уюшуна катышат) турат.

Кан айлануу системасынын функциясы органдарга жана ткандарга кычкылтекти, минералдык заттарды, суюктуктарды ташуу, ошондой эле ажыроонун продуктыларын ташып кетүү, көмүр кычкыл газын ташып чыгарууга катышуу, гормондорду ташуу менен ички гомеостазды сактоо, иммунитетти камсыз кылуу.

Кан айлануу системасы менен экинчи тамыр системасы байланышта, ал – лимфатикалык система. Ал лимфатикалык тамырлардан жана бездерден турат. Бул система туюк эмес. Анын ири тамырлары гана өз алдынча беттери бар, ал эми алардын бутактанышы ар кандай органдардын клетка аралык мейкиндиктерине ачылат.

Лимфатикалык тамырлар түзсүз суюктк – лимфаны алып жүрүшөт. Анда лимфоциттер сүзуп жүрүшөт. Лимфоциттер лимфа бездеринен жаралат. Лифанын кыймылы тамырлардын беттеринин жыйрылышы менен камсыз болот. Ал аларга ар башка органдардын кыймылынан мезгилдүү басымдын өзгөрүшү менен жүрөт.

Нерв системасы Нерв системасынын функциясы тышкы козгогучтарды кабыл алуу менен жана пайда болгон дүүлүгүүнү клеткаларга, ткандарга, органдарга жеткирүү менен байланыштуу. Мындан тышкары организмдин айрым бир системаларынын бир бүтүн система катары бир бүтүндүгүн башкарат жана камсыз кылат. Нерв системасынын келип чыгышы эктодермалдык.

Түйүлдүктүн жон жагында көңдөйлүү түтүк жаралат, кийин ал дифференциацияланып борбордук нерв системасынын жана перифериялык нерв системасынын жаралышына алып келет. Алар автономдуу-симпатикалык жана парасимпатикалык нерв системаларынан турат.

Омурткалууларда баш мээ беш бөлүктөн турат: алдыңкы, аралык, ортоңку, кара кууш мээден жана сүйрү мээден турат. Нерв түтүгүнүн алыңкы башында үйлөтүлгөн өсүндү жаралып ал 3 биринчилик мээ ыйлаакчасы жаралат. Андан кийин биринчи ыйлаакчадан алдыңкы мээ жана аралык мээ жаралат. Экинчилик мээ ыйлаакчасынан ортоңку мээ калыптанат.

Үчүнчүлүк мээ ыйлаакчасынан кара куш жана сүйрү мээ жаралат. Алдыңкы мээ оң жана сол бөлүктөргө бөлүнөт. Невроцель түзүлөт. Андан баш мээнин бөлүмдөрүнүн көңдөйү, чоң жарым шаарлардын каптал карынчалары калат. Үчүнчү карынча аралык мээде, сильвиев агыны ортоңку мээдеги, төртүнчү карынча (ромб сымал чуңкурча) сүйрү мээде калат.

Баш мээден 10 же 12 жуп баш мээнин нервдери чыгат. Алыңкы мээден бир жуп баш мээ нерви – жыт билүүнү актарат. Аралык мээден эки жуп көрүүчү нервдер чыгат. Ортоңку мээден үчүнчү жана төртүнчу жуп баш мээнин нервдери чыгат. Ал көздү кыймылдатат Калган жуптар болсо сүйрү мээден чыгат.

Жүлүн сүйрү мээден белгилүү бир чек менен бөлүнгөн эмес, анын уландысы катары жайгашкан. Анын борборунда невроцель - жон же арка мээ каналы сакталат. Жүлүндөн метамердүү жүлүндөн чыккан нервдер жагашкан. Алар эки дүмүрчөдөн башталат: жон-арка жана курсак дүмүрү. Арка дүмүрү сезүүгө жооп берсе, курсак дүмүрү кыймылга жооп берет. Бул дүмүрчөлөр аркадан чыгып арка мээ нервдери менен кошулуп кетет, анан кайрадан эле арка жана курсак нервдерине бөлүнөт.

Сезүү органдары Омурткалууларда төмөндөгүдөй сезүү органдары бар: жыт билүү, көрүү жана угуу, вестибулярдык аппарат, каптал сызыгынын органдары, даам сезүү-билүү органы, магнит жана электр талааларын сезүүчү адистешкен органдары, жылуулукту сезүү, нурлануунун сезүү органдары бар. Жыт билүү органдары байыркы сезүү органадар болуп эсептелет.

Алардын келип чыгышы эктодермалдык (нерв пластинкалары менен чоогуу жаралат). Көрүү органадары омурткалууларда жуптуу жана жупсуз болот. Аралык мээнин өсүндүлөрү болуп эсептелет. Угуу оргнадарынын келип чыгышы татаал. Эволюцияда биринчи ички кулак калыптанат, келип чыгышы эктодермалдык. Биринчи угуу ыйлаакчасы жаралат, ала угуу капсуласында жайгашкан.

Ал эки бөлүккө байламта менен бөлүнгөн. Үстүнкү бөлүгу вестибулярдык аппаратка айланат. Вестибулярдык аппарат үч жарым оролгон сүйрү мешоктон турат. Угуу ыйлаакчасынын астынкы бөлүгү ички кулактын тегерек мешогунан турат. Ортоңку жана сырткы кулак омурткалуулардын өөрчүшүнүн акыркы баскычтарында жаралган. Ал жаныбарлардын кургактыкка чыгышы менен байланыштуу.

Каптал сызыктын органдары биринчи ооздуу жаныбарларда эле бар. Алардын келип чыгышы эктодермалдык. Каптал сызыктын органдары суунун толкундарын сезет. Даам сезүү органдары энтодермалдык жол менен келип чыккан. Азыктанган тамактын даамы таттуудан, ачуу, кычкыл, туздуу диапазондорунда аныкталат. Ала тилде ооз көңдөйүндө жайгашкан. Сезүү органы териде бутактанып жайгашкан рецепторлор менен аныкталат.

Бөлүп чыгаруу органдары Омурткалуулардын баардыгында бөлүп чыгаруу органы – бөйрөк. Ал аркылуу ашык суу, минералдык туздар, мочевина, заара кислотаы органимзмден чыгарылат. Бөйрөктөрдүн келип чыгышы мезодермалдык. Омурткалуулардын эволюция процессинде бөйрөктөрдүн үч тибинин алмашуусу жүргөн: Баштагы, алгачкы бөйрөк (пронефрос) Баштагы, алгачкы бөйрөк (пронефрос) Денелик же экинчилик ( мезанефрос) Денелик же экинчилик ( мезанефрос) Жамбаштык же экинчилик (метанефрос). Жамбаштык же экинчилик (метанефрос).

Ар башка бөйрөктөр бөлүп чыгаруунун ар башка принциптери боюнча кызмат аткарат. Дене көндөйүнөн бөлүп чыгаруу, аралаш бөлүп чыгаруу, жана ошондой эле кандан бөлуп чыгаруу (бөйрөктүн денесинин мальпиги түтүкчөлөрү аркылуу). Бөлүп чыгаруу каналдары бөйрөктөн чыккандары вольфов каналы деп аталат, ал табарсык менен алмаштырылат. Көпчүлук омурткалууларда табарсык бар. Биринчилик суу жаныбарлары болсо аммиак бөлүп чыгарат.

Жыныс органдары Омурткалуулардын жыныс бездери жуптуу – ургаачыларда жумурткалары, эркектеринде болсо уруктуктары. Башынан эле жыныс бездери атайын алып чыгуучу агындага ээ эмес. Жыныс продуктылары гонаддардын беттеринин ажырашы менен чыгарылган. Кийин жыныс жолдору жаралды. Эркектерде вольфов каналы, ургаачыларда болсо мюллеров каналы.

Студенттердин ө з алдынча ишинин темасы: Омурткалуу жаныбарлардын (баш с өө кт үү л ө рд ү н) практикалык мааниси